Баткен облусу менен БУУӨПтүн ортосундагы стратегиялык кызматташтык талкууланды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
20 май

Баткен облусу менен БУУӨПтүн ортосундагы стратегиялык кызматташтык талкууланды

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууда Баткен облусу менен БУУӨПтүн ортосундагы стратегиялык кызматташтык, жаштарды жана аялдарды колдоо, климаттык туруктуулук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы долбоорлор талкууланды.

Тараптардын биргелешкен аракетинин негизинде Баткен шаарында жаштар үчүн санариптик көндүмдөрдү үйрөтүүчү заманбап Жаштар борбору түзүлдү. Ошондой эле Аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борбору ишин баштады.

Мамыржан Рахимов БУУӨПтүн социалдык көйгөйлөрдү жеңилдетүүгө, облустук ооруканага колдоо көрсөтүүгө жана климаттык туруктуулукту бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалап, Баткен облусу мындан ары да бардык долбоорлор боюнча кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Патрик Хаверман Баткен облусу менен буга чейинки биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеп, мындан ары да жакын өнөктөш катары кызматташуу активдүү уланарына ишенимин билдирди.