Ошто жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлүүдө
Ошто жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлүүдө, деп билдирет ЖКККББнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ири иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу жана жарандардын коопсуздугун сактоо биринчи кезектеги маселе болуп саналат.
Ошондуктан Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын жергесинде өтүп жаткан майрамдык иш-чаралардын тынч өтүшү үчүн КР ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басара Эмил Жакыпов жана Ош облусунун Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоодо бөлүмүнүн башчысы Узакбек Шергазиев менен анын аймактык бөлүктөрү тарабынан алдын алуу жана коопсуздук чаралары көрүлдү.
Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, алар иш-чара өтүп жаткан аймактарда жана жолдордо тынымсыз кызмат өтөшүүдө.
