КРда кандай кылмыш үчүн пробациялык көзөмөл дайындалат? Пробация департаментинин директорунун жообу
Ал түшүндүргөндөй, эгер сот анчалык оор эмес жана оор кылмыштардын ишин кароодо айыпталуучуну эркиндигинен ажыратпай туруп туура жолго үндөөгө мүмкүнчүлүк бардыгын көрсө, анын инсандыгын, пробацияга макулдугун жана башка жагдайларды эске алып, жаза мөөнөтүн өтөөсүн пробациялык көзөмөлгө алмаштырышы мүмкүн. «Пробация — соттолгон адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөө, ошол эле учурда ага эркиндикте түз жолго түшүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү жолу», - деп түшүндүрдү Казаков.
Ал ошондой эле сот пробация кандай кылмыштарды жасагандарга колдонулбай турганын айтты. Ал - өзгөчө оор кылмыштар, коррупция, коопсуздукка каршы кылмыштар, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топко катышуу же сексуалдык кол тийбестикке каршы кылмыштар үчүн соттолгондор. Туруктуу жашаган жери жок адамдарга же Кыргызстанда убактылуу жашаган чет элдиктерге да пробация дайындалбайт.