Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан ири суммадагы алдамчылдыкка шектүү кармалды
19 сентябрь

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан ири суммадагы алдамчылдыкка шектүү кармалды

2025-жылдын 13-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге М.А., аттуу жаран аырз менен кайрылган. Анда, ушул эле жылдын 11-сентябрь күнү белгисиз адамдар уюлдук телефонуна чалып, өздөрүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, М.А.,нын атынан “Ата-Мекенди коргоочулар Фондуна” акча каражаттары которулуп жатканын жана бул аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 416, 209, 222, 253 беренелеринин негизинде кылмыш жоопкерчилигине алып келээрин айтып коркутуп, 6 миллион 900 000 сом акча каражаттарын банктык терминал аркылуу котортуп алышкан.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана техникалык иш-чаралардын жыйынтыгында, 2007-жылы туулган К.Э., аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Ленин райондук сотунун чечими менен Бишкек шаардык №1-Тергөө абагына 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Шектүү көрсөтмөсүндө, Кыргыз Республикасынын уюлдук байланыш операторлоруна таандык сим карталарды жана банк карталарын активдештирип, дропперлердин (дроппер- төлөм каражаттарын колдонуу менен байланышкан алдамчылык схемаларга катышкан жана акчаларды легалдаштырууга байланышкана дамдар) кылмыштуу аракеттерин көзөмөлдөп жүргөн.

Учурда, алдымчылык схемасынын бардык катышуучуларын аылктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.