Ала-Бука районундагы медициналык жайлардын абалы текшерилди
12 июль

Ала-Бука районундагы медициналык жайлардын абалы текшерилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 11-июлда Ала-Бука районуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Ала-Бука айылындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн имаратынын учурдагы абалын жеринен көрүп чыгып, андагы санитардык жана техникалык шарттар боюнча маалымат алды.

Ошондой эле Ала-Бука райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториясынын абалы менен да таанышты.

Аталган эки мекеме тең 1950-жылдары курулган болуп, бүгүнкү күндө авариялык абалда.

Имараттардын эскилиги жетип, курулуш конструкцияларынын эскирүүсү, санитардык талаптарга жооп бербеген шарттар жана заманбап жабдуулардын жетишсиздиги дарыгерлердин жана калктын коопсуздугуна жана тейлөөнүн сапатына терс таасир тийгизип келе жатканы белгиленди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев, тиешелүү медициналык мекемелерге даярдалган жаңы курулуш добоорлору менен таанышып, маселени чечүү боюнча каржы булактарын аныктоо иштерин ыкчамдатууну тапшырды.