Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө
12 октябрь

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердин аймагында туруктуу же убактылуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлөрдө жашаган жана активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары өлкө аймагынан тышкары ачыла турган каалаган шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык, өлкө аймагынан тышкары добуш берүүгө шарт түзгөн онлайн-идентификация ыкмасы киргизилди. Бул ыкма аркылуу жарандар Кыргызстандагы туруктуу катталган жерине кайтып келбей туруп, чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат.

Добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Добуш берүү маалында шайлоочуга анын катталган аймагындагы шайлоо округунун бюллетени берилерин маалымдайбыз. Ошол эле учурда шайлоочу бир гана талапкер үчүн же “Баарына каршы” деген позиция үчүн добуш бере алат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын алдын ала тизмесин “Тизме”  аталышындагы мамлекеттик порталга (https://tizme.gov.kg) жарыялады. Жаран өзүнүн тизмеде бар же жогун 2025-жылдын 19-ноябрына чейин төмөнкү жолдор менен тактай алат:

  • "tizme.gov.kg" сайты аркылуу;
  • эгер сиз Кыргыз Республикасында болсоңуз, 1255 же 119 кыска номерлерине чалып.

Эгер маалыматтарда ката же так эместиктер аныкталса, шайлоочу 2025-жылдын 19-ноябрына чейин белгиленген тартипте авторизациядан өтүп, https://tizme.gov.kg сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу электрондук түрдө арыз бере алат.

Министрлик чет өлкөдө жүргөн жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүүгө жана зарыл болгон учурда шайлоо укугунан пайдалануу үчүн өз убагында түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырат.