Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу жаңы жол жана көпүрө салынууда
9 август

Куланак ГЭСинин курулушуна байланыштуу жаңы жол жана көпүрө салынууда

Куланак ГЭСи жана Куланак өзү агып чыгуучу каналынын курулушуна байланыштуу Нарын-Баетов унаа жолунун 33-38-чакырымдар аралыгында (Куланак айылы менен Достук айылынын ортосу) жаңы жол жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ал жерге ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров барып, жол жана көпүрө куруу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Жол чарба департаментинин №2 аймактык бөлүмүнүн башчысы Асылбек Чойбеков аткарылып жаткан иштер, курулуштун этаптары жана белгиленген мөөнөттөр тууралуу маалымат берди.

Облус башчысы курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.