Саламаттык сактоо министрлиги
1 сентябрь
Көчмөндөр оюндарынын ачылышында 55 адам медициналык жардамга кайрылды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи учурунда «Бишкек Аренада» медициналык камсыздоо штаттык режимде жүргүзүлдү.
Бир күндүн ичинде 55 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү.
Оор жана чукул медициналык учурлар катталган жок. Бейтаптарды ооруканага жаткыруу же тез жардам бригадаларына өткөрүп берүү зарылдыгы болгон эмес.
Кайрылуулардын арасында эки жаракат алуу жана жугуштуу ооруларга шектелген сегиз учур катталды.
