Беш адамдын өмүрүн алган Кашка-Суудагы кырсык: депутат чиновниктерди жазалоону талап кылды
20 май

Беш адамдын өмүрүн алган Кашка-Суудагы кырсык: депутат чиновниктерди жазалоону талап кылды

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында вице-спикер Болот Ибрагимов Кашка-Суу айылындагы беш адамдын өмүрүн алган резонанстуу жол кырсыгы боюнча билдирүү жасады.

Ал трагедияга карабастан, азырынча жоопкерчиликке айдоочу гана тартылганын белгиледи. Буга байланыштуу Ибрагимов кызматтык иликтөө жүргүзүп, жол коопсуздугуна жооп берген кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Анын айтымында, кырсык болгон жерде жол чийиндери жок, ошондой эле ал тилкеде ГУОБДД кызматкерлеринин жетишсиздиги байкалат. Ал жол эл көп каттаган жана популярдуу туристтик аймакка алып баруучу негизги каттам экенин кошумчалады.

Эске салсак, 2026-жылдын 14-майында Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып, рулду башкара албай калган. Унаа жолдон чыгып кетип, жөө адамдарды сүзгөн. Натыйжада беш адам, анын ичинде төрт бала каза болгон.

Шектүү кармалып, тергөө иштери уланууда.