Ала-Арчадагы чокуга «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген расмий аталыш берилди
2 сентябрь

Ала-Арчадагы чокуга «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген расмий аталыш берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Аталган чечим Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Аталган тоо чокусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кубатов Эдуард Джумкадырович жана белгилүү альпинист Илим Карыпбеков чыгып, чокуга Шанхай кызматташтык уюмунун аталышы жазылган тактайчаны орнотуп келишти.

4050 метр бийиктиктеги чокуга Шанхай кызматташтык уюмунун аталышынын берилиши Кыргызстан үчүн маанилүү тарыхый жана символдук окуя болуп саналат.