Москва районунун жол тескөөчүлөрү айдоочуларга жол эрежелерин так сактоого чакырууда
9 август

Москва районунун жол тескөөчүлөрү айдоочуларга жол эрежелерин так сактоого чакырууда

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жер-жерлерде жол унаа кырсыктарын алдын алуу багытында алыскы жолго чыккан айдоочуларга жол эрежелерин так сактоого, карама каршы тилкеге чыкбоого, унаа башкарууда баардык коопсуздукту сактоо менен аман-эсен жетип алууга чакырып эскертмелер берилүүдө.

Айдоочулар тараптан жол эрежесин одоно бузган учурга күбөө болсоңуздар Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын ишеним WhatsApp 0777102102 номерине фото видео салып койсоңуздар, ар бир жол эрежесин бузган айдоочуга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.