Кайыңды конушунда жаңы жол курула баштады
14 сентябрь

Кайыңды конушунда жаңы жол курула баштады

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Кайыңды конушундагы Дорожный көчөсүндө Элебесов көчөсүнөн каналга чейинки жолду капиталдык оңдоо иштерин баштады.

Оңдоо иштеринин алкагында жолду 7 метрге чейин кеңейтүү, ошондой эле тротуар салуу, ирригация системасын орнотуу иштери аткарылат.

Азыркы учурда жолчулар жолдун 1,1 км аралыгында   эски асфальтын сыйрып, жол кыртышын иштетүү боюнча жумуштарды  аякташты.