Уланбек Султанов Жол чарба департаментинин директору болуп дайындады
Транспорт министрлиги
20 май

Уланбек Султанов Жол чарба департаментинин директору болуп дайындады

Уланбек Султанов Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору болуп дайындады.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дайындалды.

Султанов 2022-жылдан бери министрликтин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Ал 1982-жылы 18-ноябрда туулган.

2000-2005-жылдары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Автомобиль жолдору жана аэродромдор» бөлүмүндө байланыш жолдорунун инженери адистиги боюнча окуган.

2019-жылы ушул эле окуу жайга “Автомобиль жолдорун, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди долбоорлоо жана куруу” адистиги боюнча аспирантурасына тапшырган.

Эмгек жолун 2006-жылы Трнаспорт министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунан баштаган.

Жол инженери багытында мамлекеттик бир нече квалификациялык сертификаттардын, сыйлыктардын жана грамоталардын ээси.