Ош шаарынын мэриясынын агартуу залынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт
25 январь

Ош шаарынын мэриясынын агартуу залынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт

Күн мурун, 24-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Ош шаарынын мэриясынын жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн агартуу залы жайгашкан имаратын кыдырып көрүп чыкты. 

Мэриядан кабарлашкандай, учурда имараттын эскилиги жетип, дубалдарынын айрым жерлери көчө баштаган. Жер төлөө бөлүгү пайдаланууга жараксыз болуп, таштанды топтолгон абалга келген. Мындан тышкары, коммуналдык кызматтарга тиешелүү түтүктөрдүн бардыгы эскирип, иштен чыккандыгы белгилүү болду.

Маалым болгондой, имарат 1971-жылы курулуп, дээрлик 60 жылга жакын убакыттан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.

Анын негизинде шаар мэри тиешелүү кызматтарга аталган имаратты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн кыска мөөнөттө долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча тапшырма берди.

Эскерте кетсек, аталган имарат Мамлекеттик мүлк фондунан Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына толугу менен өткөрүлгөн.

Белгилей өтскөк, шаар башчысынын демилгеси менен Ош шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты да этап-этабы менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.