Бишкекте дагы бир заманбап оорукана курулат – Туманбаев
Бишкекте дагы бир заманбап оорукана курулат. Бул тууралуу президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал курулуш иштери Азербайжан мамлекетинин демилгеси жана колдоосу менен болорун билдирди.
"Алгач бул долбоор Ысык-Көлдө курулат деп пландалган, бирок Кыргызстандын президентинин Азербайжанга болгон акыркы расмий визитинен кийин, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул оорукана Бишкек шаарында курулмай болду", - деди ал.
Азыркы тапта даярдыктар жүрүп жатат, толук жабдылган, заманбап оорукана болуп калары күтүлүүдө.
