www
5 июль
Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө жылуулук түтүктөрү алмаштырылат
Ош шаарындагы Масалиев кең көчөсүндө 5-июлдан тарта жылуулук тармактарын жаңылоо иштери башталат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ТК-9 жылуулук камерасынан №98 көп кабаттуу үйдүн тушундагы ТК-16 камерасына чейин 825 метр аралыктагы эски түтүк жаңысына алмаштырылат. Эски түтүктүн диаметри 325 мм болсо, жаңысы 530 мм болот.
Бул иштер шаарды кыш мезгилине даярдоо үчүн жүргүзүлүүдө. Максат — жылуулук берүүнү туруктуу жана сапаттуу кылуу, жылуулук жоготууларын азайтуу.
Иштер жүргөн убакта жолдо убактылуу чектөөлөр жана ыңгайсыздыктар болушу мүмкүн.
№1-троллейбус каттамы убактылуу токтотулат. Ал эми Курманжан Датка көчөсүндөгү иштер бүткөндүктөн №2-троллейбус каттамы кайра ишке кирет.
