Бишкекте “Евразия” үчүнчү социалдык дүкөнү ачылды
Бишкекте 30-сентябрда “Евразия” үчүнчү социалдык дүкөнү расмий ачылды.
Дүкөн Сүйүмбаев – Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Белгилей кетсек, буга чейин да август айынын аягында жана сентябрдын башында ушундай эле эки дүкөн ачылган: Токтогул көч., 146/1, жана Асанбай кичи району 8/3.
Дүкөндүн ачылышына “Евразия Кей Жи” аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык тейлөө секторунун башчысы Чолпон Мамбетаипова, Свердлов районунун администрациясынын аппарат жетекчиси жана шаардык пенсионерлер катышты.
