Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды
Бүгүн Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Узундугу 36,6 метрди түзгөн көпүрө 5,5 метрге кеңейтилип жана ага кошумча жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, толугу менен колдонууга берилди.
Мындан тышкары, жолдун 0-350 чакырым аралыгына калыңдыгы 9 см болгон асфальт-бетон жабындысынын биринчи катмары төшөлдү.
Жолдун эки тарабында тротуарлар, ал эми оң тарабында лотоктор орнотулду.
Реконструкциядан кийин жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилди.
