Бишкекте ШКУ+ саммити башталды
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда «ШКУ+» форматындагы жогорку деңгээлдеги жыйын башталды.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына чакырылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү кошулду. Алар:
- Азербайжандын президенти Илхам Алиев;
- Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан;
- Армениянын премьер-министри Никол Пашинян;
- Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган;
- Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух;
- Лаостун президенти Тхонглун Сисулит;
- Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе.
Ошондой эле жыйынга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш катышууда.
Кеңейтилген форматтагы жыйында БУУнун жана эл аралык укуктун борбордук координациялоочу ролун бекемдөө, туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат.
Эске салсак, Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө уюмга Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь болуп 10 мамлекет мүчө.
ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпы аймагы 35 млн чарчы чакырымдан ашат. Бул Евразиянын аймагынын болжол менен 65 пайызын түзөт. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкы 3,4 млрд адамдан ашып, дүйнө калкынын 42 пайызга жакынын түзөт.
ШКУ өлкөлөрүнүн жыйынды ички дүң өнүмү (ИДӨ) болжол менен 24,5 трлн долларды түзөт. Бул дүйнөлүк экономиканын төрттөн бирине жакын.
