Муратбеков: Асман шаары курула турган жерди иштеткен дыйкандарга акыйкат компенсация төлөп берүү керек
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Ысык-Көл облусундагы Асман шаары курула турган жерге ар кандай өсүмдүк айдаган дыйкандар эч нерсеси жок калуу алдында турганын билдирди.
“Жаңы Асман шаарынын курулушуна байланыштуу дыйкандарга компенсация төлөө маселесин кылдат кароого чакырам. Дыйкандар ал жерге 10-15 жылдан бери бак тигип, өсүмдүктөрдү айдап келишкен, канча деген мээнет кылышты, каражат коротушту. Эми болсо эч нерсеси жок калуу коркунучунда турушат”, – деди депутат.
Анын айтымында, компенсация маселеси ар бир дыйкандын канча каражат салганы эске алышып, болушунча акыйкат жана ачык-айкын чечилиши керек.
