Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына болгон расмий сапары аяктады
30 сентябрь

Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына болгон расмий сапары аяктады

КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Расмий сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Беларустун Ппремьер-министри Александр Турчин менен жолукту.

Өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эл аралык документтерге кол коюлду.

Сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар жана Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.