Манас шаарында үч эмдин үй-бүлөсүнө батир берилди
12 октябрь

Манас шаарында үч эмдин үй-бүлөсүнө батир берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 11-октябрда үч эмдүү үй-бүлөнү кабыл алып, аларга Манас шаарынан заманбап үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө быйылкы жылдын 28-августунда 34 жаштагы Нурайым Исакова үч эм – эки кыз жана бир уул төрөгөн.

Үй-бүлө буга чейин батирде жашап келген, жолдошу такси кызматында эмгектенет.

Бул батир үй-бүлөгө Камчыбек Ташиевдин жеке каражатынын эсебинен белекке берилди. Жаңы батирдин ачкычы тапшырылган учурда жаш үй-бүлө кубанычтарын жашыра алган жок.

Айта кетсек, үч эм менен кошо бул үй-бүлө алты баланын ата-энеси. Чоң атасы жаңы төрөлгөн уулуна Камчыбек деген ысым ыйгарган. Ал эми эки кызына – акылман жана ыймандуу болсун деген тилек менен Алийма жана Айгүл деген ысымдар коюлган.