Жалал-Абаддын ордуна Манас стелласы орнотулду
12 октябрь

Жалал-Абаддын ордуна Манас стелласы орнотулду

Манас шаарында 11-октябрда жаңы «Манас» стелласынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Бийиктиги 8 метрди түзгөн стелла заманбап архитектуралык ыкма менен жасалып, Манас баатырдын эл биримдигин жана улуттук духун даңазалоого багытталган. Объект толугу менен демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп, шаарды көрктөндүрүү иш-чараларынын бир бөлүгү катары ишке ашырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаары аталган бул калаанын аталышы расмий түрдө Манас болуп өзгөртүлгөн.

Жогорку Кеңеш бул демилгени 10-сентябрда жактырган, ал эми президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга 17-сентябрда кол койгон.

Мыйзам 27-сентябрдан тарта күчүнө кирип, шаар расмий түрдө Манас деп аталып калды.