Ошто кышка карата 3 115 тонна мазут жана 6 153 тонна көмүр даярдалды
Ош мэриясы
21 август

Ошто кышка карата 3 115 тонна мазут жана 6 153 тонна көмүр даярдалды

Күн мурун, 20-августта Ош шаарынын мэриясында 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жыйын Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин жетектөөсүндө өтүп, анын жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишканалардын кышка даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар угулду.

Белгилей кетсек, “Ош шаарынын жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасында 3 буу казаны жылуулук берүүгө даярдалып, 3 115,3 тонна мазут ташылып келинди.

“Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасына караган 111 откананын 74ү даярдалды. Көмүрдүн жалпы запасы 6 153 тоннаны түзөт.

Электр тармактары, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде да кышка даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Жыйындын соңунда тиешелүү жетекчилерге жылытуу мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн даярдык иштерин өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмалар берилди.