Жайкы туристтик мезгил. Жалал-Абад облусунда милиция күчөтүлгөн тартипке өттү
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
12 июнь

Жайкы туристтик мезгил. Жалал-Абад облусунда милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Бүгүн, 12-июнда Жалал-Абад облусунда 2026-жылдын жайкы туристтик мезгилине карата коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында гарнизондук саптык кароо өткөрүлүп, милициясынын иши күчөтүлгөн тартипке өттү.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мекеме-ишканалардын башчылары катышты.

Саптык кароонун жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөгө даярдыгы, кызматтык тартиби, техникалык камсыздалышы текшерилди. Ошондой эле туристтик аймактарда кызмат өтөй турган милиция кызматкерлеринин күч-каражаттары кароодон өткөрүлдү.

Белгиленгендей, жайкы туристтик мезгилде облус аймагындагы эс алуу жайларында, туристтик объектилерде жана эл көп топтолгон жайларда коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Уларбек Исмаилов туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, милиция кызматкерлерин жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырды.