Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөттү 
25 сентябрь

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөттү 

Ушул жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бурундинин тышкы жана европалык иштер министри Альберт Шингиро менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кесиптештер эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. 

Тактап айтканда, министр Кулубаев Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоону өтүндү.