Ош шаарында эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу тездетилет
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Г.Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жанарбек Акаев шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо үчүн жумуштарды ыкчам жүргүзүп, белгиленген мөөнөттү сактоону тапшырды. Ошондой эле канализация түйүндөрүн, электр чубалгыларын жана башка инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштерин кечиктирген жооптуу мекеме-ишканаларга тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Эстакадалык көпүрөнүн жалпы узундугу 354, туурасы 50 метрди түзөт. Долбоордун алкагында көпүрөнүн алдындагы айланма жолду көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана заманбап жарыктандыруу системаларын орнотуу иштери да жүргүзүлөт.
Аталган объект шаардагы жол тыгындарын азайтып, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
