Бишкектин айрым аймактарында 3-мартта таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 3-мартта саат 10:00дөн 16:00гө чейин таза суу жок болот, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү аймагы: Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштары.
“Энесай” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

