Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин 78,6%ы аялдар
Кыргызстандагы эмгек рыногунун катышуучуларынын саны 2024-жылы 2 миллион 860 адамды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү билдирди.
Ал белгилегендей, жумушка жарамдуу адамдар 15 жаштан жогору эсептелинет.
“Алардын ичинен 1 млн 728 миң эркектер, 1 млн 132 миңи аялдар. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, экономикалык активдүүлүк 59,3 пайызды түздү. Жаш курагына келгенде эң жогорку активдүүлүк 40-44 жаштагыларда сезилет. Эмгек рыногунда эркектер активдүүрөк, алардын эмгекке катышуу деңгээли – 73,3 пайыз, аялдардыкы – 45,6 пайыз”, – деди ал.
Ошондой эле, өкүлдүн айтымында, өткөн жылы эмгек рыногундо 2 млн 800 миңге жакын адам иштесе, анын 1 млн 700 миңи – эркектер, 1 млн 100 миңи – аялдар.
Аймактар боюнча айтканда, элди жумуш менен эң көп камсыздаган аймак – Талас облусу, андан кийин Ош жана Бишкек шаарлары.
Тармактардан алганда, элди эң көп иш менен камсыз кылган тармак – айыл чарба – 16 пайыз. Бирок акыркы жылдары бул көрсөткүч түшүүдө, мисалы, 2020-жылы 18 пайызды көрсөткөн.
Андан соң дүң жана чекене соода, автоунаа жана мотоцикл оңдоочу жайлар, курулуш, өндүрүш, билим берүү, ресторан жана мейманкана бизнеси турат.
Ал эми өлкөдө аялдар саламаттыкты сактоо жаатында (78,6%) жана билим берүүдө (77,5%) көп иштешет. А эркектер өндүрүш, курулуш (99%), транспорт жана жүтөрдү сактоо, тоо-кен тармагында көп.
