ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери саммитке катышуу үчүн “Ырыс Ордого" келишти
1 сентябрь

ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери саммитке катышуу үчүн “Ырыс Ордого" келишти

“Ырыс Ордо” Конгресс-борборуна Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин делегация башчылары ШКУ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн келишти.

Саммиттин ишине катышуу үчүн: Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келишти.

Мамлекет башчыларын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.