ИИМ: Кылмыш ишин тергөөдө пара берүү фактысына бөгөт коюлду
Ички иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши тергелип жатат.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жүрүшүндө соттолгон 1985-жылы туулган А.Б. киши өлтүрүүдөн кийин, коррупциялык схемаларды колдонуу менен акыл-эси жайында эмес деп табылып, атайын психиатриялык мекемеге мажбурлап дарыланууга жиберилгени аныкталган. Ал жерде өзүн “положенец” деп жарыялап, “общак” үчүн каражат чогултууну уюштурган.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында айыпталуучунун байкеси 1983-жылы туулган А.М. буга чейин кармалган жарандын кылмыш жоопкерчилигинен качуусуна көмөктөшүү максатында ыкчам кызматкерге 190 000 сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган. Жаран М.А. пара катары акча каражатын накталай берүү учурунда ИИМдин КИББдин жана ИИКтин кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
