Ош шаарындагы бир катар көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрөт
Ош шаарындагы бир катар көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен бирге “Достук” кичи районундагы Сүйүнбаев, Примов, № 47-49 жана Санкт Петербург көчөлөрүн кыдырды.
Мында аталган көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү, капиталдык оңдоп түзөөгө даярдык көрүү, жол четиндеги бош кароосуз жайлардын ордуна, жашоочулар үчүн эс алуу багын салуу маселелери каралды.
Жеринде тапшырмалар берилип, аларды ыкчам чечүү талабы коюлду.
