Ош мэриясы менен Кызыл Ай коому кызматташууну чыңдоодо
Ош мэриясы
12 июнь

Ош мэриясы менен Кызыл Ай коому кызматташууну чыңдоодо

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев бүгүн. 12-июндв Улуттук Кызыл Ай коомунун Ош облустук филиалынын жетекчиси Азамат Сабиров менен жолугушту.

Мэриядан кабарлашкандай, жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мэр Жанар.Акаев белгилегендей, Кызыл Ай коомунун демилгелери шаар үчүн өзгөчө маанилүү. Биринчиден, сейил бактарды уюштуруу жана реконструкциялоо шаардыктар үчүн коопсуз коомдук мейкиндиктерди түзөт. Экинчиден, таштандыларды бөлүп чогултуу системасы шаардын тазалыгын камсыздап, экологиялык жоопкерчиликти жогорулатат. Мэрия мындай демилгелерди толук колдойт.

Эске салсак, Кызыл Ай коому буга чейин Исанов көчөсүнүн кесилишиндеги скверге жарыктандыруу, отургучтар жана урналар орнотуп, ошондой эле Озгур айылындагы сел каналын тазалоо үчүн ГСМ берген.

Алдыда дагы бир катар биргелешкен пландар ырааттуу ишке ашырылмакчы.