Эт 640 сомдон: Кадамжайда азык-түлүк жарманкеси өттү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда азык-түлүк жарманкеси болуп өттү.
Жарманкеге жергиликтүү дыйкандар, фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр катышып, эт жана сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди, дан азыктарын, экологиялык таза айыл чарба продукцияларын сунушташты.
Жарманкеде уйдун эти 640 сомдон, койдун эти 650 сомдон болсо, картшканын баасы 45 сомдон сатылып, базар баасынан бир топ арза болду.
Иш-чаранын негизги максаты – ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, айыл чарба продукцияларын түздөн-түз керектөөчүлөргө жеткирүү жана калкты сапаттуу, жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, өлкөдө айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү туруктуу жүрүп жаткандыктан, азык-түлүк тартыштыгы жок. Мындай жарманкелер калкты керектүү азык-түлүк менен камсыз кылууда жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоодо маанилүү роль ойнойт.
