Бакыт Төрөбаев: Өлкө калкынын 70-80 пайызы биздин ишмердүүлүк менен байланыштуу
30 сентябрь

Бакыт Төрөбаев: Өлкө калкынын 70-80 пайызы биздин ишмердүүлүк менен байланыштуу

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде буга чейин түзүмдүк бөлүмдөрдө орун алган мыйзамсыз иштер боюнча кызматтык иликтөөлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн министрликте коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча жыйыны учурунда билдирди.

Бакыт Төрөбаев жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөлөрдүн жүрүшүндө мыйзамсыз иштерге жол берген айрым түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилерин жумуштан алуу, жооптуу кызматкерлерге катуу сөгүш, эскертүүлөр берилип, чаралар көрүлгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле, министр бардык түзүмдүк бөлүмдөр калкка кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү, автоматташтыруу кылуу керектиги боюнча тапшырмаларды коюп, чек арадагы Ветеринардык кызмат жана Химизация департаментинин кызматкерлерин боди-камералар менен камсыздоо керектигин баса белгиледи. Айтсак, чек арадагы аталган кызматтын кызматкерлерин боди-камералар менен камсыздоо иштерин жүргүзүү боюнча буга чейин эле министр Бакыт Төрөбаев тарабынан жогорудагы кызматтын жетекчилерине тапшырма берилген.

“Өлкө калкынын 70-80 пайызы биздин ишмердүүлүгүбүзгө көз каранды, биз менен байланыштуу. Аларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуубуз шарт. Кызмат көрсөтүүнү автоматташтыруу керек. Бул ар түрдүү тобокелдиктерди алдын алуунун бирден-бир жолу. Эгерде дыйкан-фермерлерге тийиштүү, жакшы кызмат көрсөтүп, көйгөйүн чече албасаңыздар анда кызматыңарды бошотушуңар керек”, – деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.