ЖККУнун кезектеги жыйыны Россияда өтөт
Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги (ЖККУ) жыйыны 2026-жылдын 11-ноябрында Россия Федерациясында өтөт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин 27-ноябрда билдирди.
"Жамааттык коопсуздук кеңешинин кийинки сессиясы 2026-жылдын 11-ноябрында Москвада өтөт деген макулдашууга жетишилди", - деди Путин Бишкекте өткөн ЖККУнун кеңейтилген жыйынында.
Ал Россия чет элдик конокторду өз борборунда тосуп алууга кубанычта болорун белгилеп, Россия быйылкы уюмга төрагалык кылуу учурунда Кыргызстанга бардык зарыл жардамды жана колдоону көрсөтөрүн баса белгиледи.
Путин ЖККУну Евразия аймагындагы коопсуздуктун жана туруктуулуктун ишенимдүү кепили деп атады.
Россиянын лидери Россия ЖККУнун коргонуу потенциалын чыңдоодо өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташаарын баса белгиледи. Андан тышкары, Россиянын президенти ЖККУну кадыр-барктуу аймактык түзүм деп атады.
