Бишкекке кезектеги туристтик поезд келди
30 сентябрь

Бишкекке кезектеги туристтик поезд келди

Бишкек-2 темир жол бекетине 30-сентябрда туристтик «Golden Eagle Luxury Trains» поезди келип токтоду.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашкандай, поездде 60тан ашык чет өлкөлүк турист болду. Алар темир жол кызматкерлеринин жамааты тарабынан шаңдуу музыкалык коштоодо жылуу тосуп алынышты. Андан соң коноктор Бишкек шаарынын кооз жана тарыхый жайларын кыдырууга жол алышты.

Аталган туристтик поезд Кыргызстанга 29-сентябрда келип, Ысык-Көл облусунун Балыкчы бекетине багыт алган. Туристтер Ысык-Көлдүн тарыхый, маданий жана жаратылыш кооздуктарына күбө болуп, кайрадан Бишкекке кайтып келишти.

Белгилеей кетсек, быйылкы 2025-жылдын башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 7ге жакын эл аралык туристтик поезддер Кыргызстанга келип кетти. Алдыда дагы октябрь айында бир катар туристтик поезддердин келүүсү күтүлүүдө.