Ош шаары менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды
Ош мэриясы
11 март

Ош шаары менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууланды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 11-мартта Улуу Британиянын Кыргызстандыг элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, агенттиктин каржылык колдоосу аркылуу шаарды айланып өтүүчү заманбап айланма жолду куруу сунушун айтты.

Бул долбоор шаар ичиндеги транспорт агымын жөнгө салууга, жол тыгындарын азайтууга, транзиттик унаалардын кыймылын шаар сыртына багыттоого жана жалпы жол коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тараптар Ош шаары менен Улуу Британиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, келечекте экономикалык, инвестициялык жана инфраструктуралык багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароого кызыкдар экендиктерин билдиришти.