Сары-Челекке алып барган негизги жолдогу жаңы көпүрөнүн ачылышы болду
7 июнь

Сары-Челекке алып барган негизги жолдогу жаңы көпүрөнүн ачылышы болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 6-июнда Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолундагы Кара-Суу дарыясына курулган көпүрөнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Алсак, буга чейин колдонулуп келген көпүрө 1979-жылы салынып, акыркы жылдары авариялык абалга кептелген. Натыйжада 31 млн сомдон ашуун каражат каралып, 36 метрди түзгөн жаңы көпүрөнүн курулушу өткөн жылдын күзүндө башталган.

Салтанаттын алкагында жергиликтүү эл менен да баарлашкан төрага Сары-Челек биосфералык коругуна алып барган негизги жолдогу бул көпүрөнүн стратегиялык мааниси да чоң экенин белгилеп: “Бул курулма жергиликтүү элге эле эмес, келген туристтердин коопсуз каттамы үчүн да керек болчу. Анткени авариялык абалдагы эски көпүрө кууш болуп, бир гана унаанын өтүүсүнө ылайыкталса, жаңы курулган көпүрө кош тилкелүү болуп, эки унаанын катар өтүүсүнө ыңгайлаштырылган”, - деди.

Көпүрөнүн ачылышы жергиликтүү эл үчүн майрамга айланып, ыр-күүлөр менен коштолду. Анын ичинен аземде ардагер мугалим Батыркан Жообазаров “Кыргызстаным” аттуу ырды аккордеондун коштоосунда аткарып берди.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу анын чыгармачылыгына жана патриоттук ырды чоң чеберчилик менен аткаргандыгына жогору баасын берип, жаңы аккордеон алып берерин убада кылды.