видеодон алынган кадр
28 июль
Бишкекте эне-баланы сүзүп кете жаздаган автобус айдоочусу иштен алынды
Бишкекте эне-баланы сүзүп кете жаздаган №36 автобус айдоочусу жумуштан бошотулду. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынан кабарлашты.
Окуянын видеосу социалдык тармакта тараган соң териштирүү иштери жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында айдоочу жөө өтмөктөн өтүп жаткан жөө жүргүнчүгө жол бербей, жол кыймылынын эрежесин бузганы аныкталды.
Топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлүп, айдоочу каттамдан четтетилди. Ошондой эле тартип комиссиясынын чечими менен айдоочу ээлеген кызматынан бошотулду.
