Кыргызстан менен Азербайжан жогорку сот органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө
20 август

Кыргызстан менен Азербайжан жогорку сот органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө

2026-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжан Республикасына иш сапары менен барды.

Бул сапар 2026-жылдын июнь айында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын жетекчилеринин жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын практикалык уландысы болду.

Эске сала кетсек, 2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев баштаган делегация ТМУга мүчө мамлекеттердин жогорку сотторунун экинчи конференциясына катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде сот тутумдарын санариптик трансформациялоо жана алдыңкы тажрыйба алмашуу багыттарын мындан ары өнүктүрүүнүн жогорку потенциалы белгиленген.

Ушуга байланыштуу  кыргыз  делегациясынын Азербайжан Республикасына болгон азыркы иш сапары жетишилген макулдашууларды өнүктүрүүгө жана эки мамлекеттин сот органдарынын ортосундагы практикалык өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев менен Азербайжан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Инам Имдад оглу Керимовдун ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова, Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев, Жогорку соттун Аппарат жетекчисинин орун басары Аман Жумалиев, Жогорку соттун Аппаратынын Коомчулук менен байланыш,  массалык маалымат  каражаттары жана эл аралык катнаш бөлүмүнүн башчысы Савитахун Исаков жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев катышты.

Ошондой эле жолугушууга Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов катышты.

Тараптар сот тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, сот адилеттигин санариптештирүү, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү жана практикалык тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Нурлан Мусаев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер өз ара урматтоого, достукка жана жакшы ниетке негизделгенин белгилеп, бул мамилелер эки мамлекеттин сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкта да ырааттуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Жолугушууда сот тутумун санариптик трансформациялоого өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Азербайжандын электрондук сот адилеттиги жаатындагы тажрыйбасын, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү, иштерди каттоо жана бөлүштүрүү, процесстин катышуучуларынын иш материалдарына жетүүсү, электрондук билдирүүлөрдү жөнөтүү жана соттук маалыматтык системаларды мамлекеттик электрондук сервистер менен интеграциялоо маселелерин изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, сот отурумдарына аралыктан катышуу, видеоконференцбайланышты колдонуу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана жеке маалыматтарды коргоо маселелери талкууланды.

«Биз технологиялык чечимдер менен гана таанышпастан, алардын иш жүзүндө колдонулушунун уюштуруучулук механизмдерин, кадрларды даярдоо жолдорун, киргизилип жаткан чечимдердин натыйжалуулугун баалоону жана жаралган көйгөйлөрдү чечүү ыкмаларын да түшүнүүгө кызыкдарбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары.

Ошондой эле Нурлан Мусаев кыргыз тараптын тажрыйба менен өз ара алмашууга кызыкдар экенин белгилеп, азербайжандык кесиптештерге Кыргызстандын сот тутумун санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерин жана тажрыйбасын сунуштоого даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Азербайжан сот адилеттигин өркүндөтүү, соттук башкарууну жакшыртуу жана санариптик чечимдерди киргизүү жаатында бир катар окшош милдеттерди чечип жатышат. Ушуга байланыштуу практикалык тажрыйба алмашуу эки тарап үчүн тең маанилүү.

Ушул багытта кыргыз тарап эки өлкөнүн Жогорку сотторунун тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосунда туруктуу кесиптик байланыштарды түзүү, биргелешкен семинарларды жана эксперттик жолугушууларды өткөрүү, адистердин тажрыйба алмашуу сапарларын жана стажировкаларын уюштуруу, ошондой эле усулдук, аналитикалык жана техникалык материалдар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар санариптик сот адилеттиги жаатында биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн мындан ары кароого кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушуу кыргыз-азербайжан сот кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө жана сот адилеттигин санариптик трансформациялоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болду.