Сокулукта күз-кыш мезгилине даярдык 90 пайызга аяктады
30 сентябрь

Сокулукта күз-кыш мезгилине даярдык 90 пайызга аяктады

Учурда өлкөнүн энергетика тармагында жабдууларды жаңылоо, модернизациялоо жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук РЭТинде күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери 90 пайызга аяктады.

Аткарылган иштериндин катарын төмөнкүлөр толуктайт:

  • 209 даана трансформатор капиталдык оңдоодон;
  • 797 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары реконструкциялоо иштеринин алкагында:

  • 20 даана жаңы трансформатор орнотулуп;
  • 32 чакырым СИП кабелдери тартылды;
  • 223 даана мамыча жаңы орнотулду;
  • 14700 акылдуу эсептегич орнотулду.

Бул иштер алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жасалууда.