Ош ОИИБ: Мал уурулукка шектүүлөр кармалды
24 январь

Ош ОИИБ: Мал уурулукка шектүүлөр кармалды

2026-жылдын 21-январь күнү Араван районунун ички иштер бөлүмүнө 1985-жылы туулган А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда 2026-жылдын 21-январь күнү үйүнүн короосунан 1 баш багылган кочкорун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 2026-жылдын 22-январь күнү кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган О.С. жана 2003-жылы туулган Д.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр дагы башка даректеги үйдөн 2 баш кой уурдагандыгы аныкталып, койлор ээлерине кайтарылды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери облус аймагында мал уурулук кылмыштарынын бетин ачуу багытында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 13 адамдан турган 4 кылмыштуу топ аныкталып, 36 кылмыштын бети ачылган.

Учурда Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чара