Депутаттар Опумбаев менен Жунушалиевди “эстешти”: Алар кайда? Өлкөдөбү же издөөдөбү?
Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы ИИМ министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев тууралуу сөз болду.
Депутаттар Камила Талиева менен Кундузбек Сулайманов аталган мурдагы аткаминерлер учурда кайда экенине кызыгышты.
“Жунушалиев деген министрлериңер бар эле, ал азыр кайда өлкөдөбү? Же издөөдөбү? Дайын-даректери жок. Издөөдө дегендей болушту эле, бирок Опумбаев сотко келди. Же “карга карганын көзүн чукубайт болуп” мурдагы министрлериңерди жаап-жашырып жатасыңарбы? Министрлер ант берип атпайбы, “эгерде антымды бузсам, кылмыш жоопкерчиликти моюнум менен тартам” деп. Анан качып кетип атат, мындайлар аеосуз жазаланышы керек” – деди Талиева ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиевге кайрылып.
“Жунушалиевди жазалаш керек. Ал берген антын бузду. Бирден бир тартипке чакыра турган министрликти таштап кетип калыш... Кечирилгис жаңылыштык кетирди”, - деди депутат Кундузбек Сулайманов.
