Бишкекте аскер пенсионерлерине 2027-жылдан тарта коомдук транспортто акысыз жүрүү сунушталууда
Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүүгө укуктуу жарандардын тизмесин кеңейтүү сунушталууда.
Токтомдун долбоорунда Куралдуу күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын пенсионерлерине, ошондой эле укук коргоо органдарынын пенсионерлерине жеңилдик берүү каралган.
Акысыз жүрүү жалпы белгиленген пенсия курагына жеткенден кийин берилет. Эркектер үчүн пенсия курагы — 63 жаш, аялдар үчүн — 58 жаш.
Жеңилдик Бишкек шаарында туруктуу жашаган жана каттоодо турган жарандарга берилет. Акысыз жүрүү үчүн ээсинин сүрөтү түшүрүлгөн жекелештирилген транспорттук карта талап кылынат.
Учурда жеңилдик алууга укуктуу жарандардын тизмесинде бул курактагы аскер пенсионерлери жана укук коргоо органдарынын пенсионерлери үчүн өзүнчө акысыз жүрүү укугу каралган эмес. Буга чейин мэрия пенсионерлердин кайрылууларына байланыштуу аларды жеңилдик алуучулардын тизмесине киргизүү маселеси каралып жатканын билдирген.
Алгач жеңилдикке байланыштуу чыгымдарды республикалык бюджеттен компенсациялоо сунушталган. Бирок долбоор Финансы министрлигинен терс корутунду алган. Кийин жеңилдикти жергиликтүү бюджеттин эсебинен берүү маселесин кароо тапшырылган.
Эсептөөлөргө ылайык, 2027-жылы кошумча каржылоо муктаждыгы болжол менен 32,1 млн сомду түзөт.
Учурда Бишкектин муниципалдык транспортунда акысыз жүрүү укугун, анын ичинде, жаш курагы боюнча пенсионерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жети жашка чейинки балдар жана башка айрым категориядагы жарандар пайдаланышат.
Токтом кабыл алынган учурда ал 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
