Төрага Марлен Маматалиев алдыдагы президенттик шайлоо боюнча пикирин билдирди
24 сентябрь

Төрага Марлен Маматалиев алдыдагы президенттик шайлоо боюнча пикирин билдирди

Бүгүн, 24-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

Тиешелүү токтомго ылайык Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында шаршемби күнү болорун белгилеген Төрага Марлен Маматалиев мындай чечим добуш берүү өнөктүгүнө шайлоочуларды активдүү катыштыруу максатында кабыл алынганын кошумчалады. 

Муну менен бирге ошол күнкү жумушчу күндүн маянасы толук берилерин айтып, бирок шайлоого барбагандарга төлөнбөй тургандыгын да баса белгиледи. 

Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 21-беренесине ылайык, депутаттар да, Президент да талапкер болуп катталса өз ыйгарым укуктарын токтотпой, улантып кете берерин билдирген Төрага:

“Бул боюнча көп сөздөр айтылып жатат. Мисал катары алсак, VII чакырылыштын депутаттары биз деле мандатыбызды тапшырбастан шайлоого аттанып, бирдей атаандаштыкта катыштык. Мандат бизге эч кандай артыкчылык берген жок. Катышкандардын жарымы кайра шайланса, жарымы өткөн деле жок”, – деди.

Мындай кадам мамлекеттин туруктуулугу үчүн керек экендигин айткан Төрага:

“Анткени ар кандай кырдаалдар, ковид, чек ара сыяктуу түрдүү маселелер болуп калышы мүмкүн. Бул бүгүн эле кабыл алынган эреже эмес. Тээ 1991-жылдын 31-августунда жана 1999-жылдын 29-майында кабыл алынган мыйзамдардын алкагында болуп жаткан нерсе”, – деп билдирди.

Ошондой эле шайлоолордогу административдик ресурстардын таасири да жокко эсе экенин кошумчалаган Марлен Маматалиев:

“Ал тургай шайлоолорго талапкер катары катышууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүү максатында агитаторлордун да санын азайттык. Мурда депутаттыкка талапкер 1000 агитатор ала алса, азыр алардын санын 300дүн тегерегинде болуп калды. Ал эми Президенттикке талапкер 10 миңге чейин үгүтчү алса, эми кыскарды”, – деди. 

Андан сырткары, Төрага шайлоо маселесин ашыкча саясатташтырууга, шашылыш бүтүм чыгарууга же мыйзамда каралбаган башка жолдорду издөөгө эч кандай негиз жок экенин, мыйзамда мөөнөтү да, тартиби да так көрсөтүлгөнүн билдирди. 

“Жогорку Кеңеш бүгүн өзүнө жүктөлгөн конституциялык милдетти аткарды. Эми ушул токтом кабыл алынгандан кийин шайлоо процесси мыйзамда белгиленген тартипте өз нугунда жүрөт. Мыйзам баарыбыз үчүн бирдей. Шайлоонун күнү белгилүү. Тартиби так. Ар бир этаптын мөөнөтү аныкталган. Эми бардык тараптар ошол мыйзамдын талаптарын так сактап иш алып барышы кажет”, – деди Марлен Маматалиев.