Ош облусу менен Франция турзим тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты 
30 сентябрь

Ош облусу менен Франция турзим тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты 

КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев бүгүн, 30-сентябрда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту. 

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жолугушууга Франциянын маданият боюнча атташеси Этьенн Лансэло да катышты.

Тараптар жолугушууда эки өлкө ортосундагы достук мамилелердин жана ар тараптуу кызматташуунун маанисин баса белгилешип, айрыкча туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурушту.

Атап айтканда, “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркын өнүктүрүү максатында мастер-план даярдалып жатканы айтылып, анда аркан жолдорду, зиплайн жана башка туристтик инфратүзүмдөрдү куруу каралган. Бул багытта француз тарап менен тыгыз кызматташууга өзгөчө кызыкдар экендик белгиленди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да кызматташууну кеңейтүүгө жана достук алаканы чыңдоого даяр экенин билдиришти.