“Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланат
20 август

“Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланат

Сузак районундагы С. Атабеков айыл аймагы менен Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Ханабад шаарына чектеш жайгашкан “Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланат.

Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекетинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө бекеттин учурдагы инфраструктурасы, жарандарга жана транспорт каражаттарына түзүлгөн шарттар, ошондой эле мамлекеттик чек арадан өткөрүү процессин жакшыртуу маселелери каралды.

Мында “Бек-Абад” көзөмөл өткөрүү бекетинин инфраструктурасын жаңылоо жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык келтирүү, ошондой эле жарандар менен транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек арадан үзгүлтүксүз жана ыкчам өтүшүн камсыз кылуу маанилүү экени белгиленди.

Таанышуу учурунда көзөмөл өткөрүү бекетин реконструкциялоо жана анын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.