Сузакта алдамчылык менен 43 жаштагы жаран кармалды
24 январь

Сузакта алдамчылык менен 43 жаштагы жаран кармалды

2026-жылдын 14-январь күнү Сузак РИИБне 1984-жылы туулган Ж.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын сентябрь айларында Ж.Х. аттуу жаран анын үйүндөгү 97 баш кочкорлорунун ар бирин 33 000 (отуз үч миң) сомдон баалап акчасын эки айда берем деп алып кетип, ушул күнгө чейин бербей жүрөт деп билдирген.

Натыйжада 1984-жылы туулгун Ж.С. 3 201 000 (үч миллион эки жүз бир миң) сом зыянга учураган.

Аталган маалымат Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишин алкагында Сузак РИИБдин КИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катарында 1983-жылы туулган Ж.Х. аттуу жаран аныкталып, тергөөгө камсыз кылынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран Сузак райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.