Дүйшөмбүдө КМШнын мектеп тамак-ашы боюнча форуму өтөт
2025-жылы КМШга төрагалык кылуунун алкагында Тажикстан мектеп тамак-ашына арналган биринчи эл аралык форумду өткөрүүгө ниеттенүүдө.
Форумда КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларын БУУнун адистештирилген программалары аркылуу ысык тамак менен камсыздоого чоң салым кошуп жаткан Россия менен кызматташуу маселелери талкууланат.
Россия өкмөтү тарабынан каржыланган БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Мектеп тамактануусу» программасы Тажикстанда 2013-жылдан бери иштеп келет.
Учурда бул программа 2000дей мектепти камтып, өлкөнүн 53 район жана шаарларында 450 000 башталгыч класстын окуучуларын аш болумдуу ысык тамак менен камсыз кылууда. Аны ишке ашыргандан бери Орусия өлкөдөгү мектептерде тамактанууну колдоо үчүн 86 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.
Жакында, декабрь айында бул программанын алкагында тажикстандык мектеп окуучуларына тамак-аштын дагы бир партиясы берилди.
